Садык Шер-Ниязга Казакстандын "Достык" ордени тапшырылды

25 мая 2021 17:12 2545 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бишкекте, бүгүн, 25-майда "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Ниязга Казакстандын экинчи даржадагы "Достык" ордени тапшырылды.Сыйлык тапшыруу аземи Кино үйүндө өттү. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Садык Шер-Нияз эки элдин маданиятына кошкон салымы үчүн сыйланган. Сыйлык тапшырууга маданият министри Кайрат Иманалиев жана маданият өкүлдөрү катышты.

"Бул биздин маданиятыбызга берилген баа деп кабыл алабыз. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата коңшу Казакстан менен биригишкен маданий иш-чараларыбыз өтөт. Ошондой эле кыргыз-казак акындарынын айтышы Бишкек жана Нур-Султан шаарларында өтөт", - деди министр Кайрат Иманалиев.

Эске сала кетсек, Казакстандагы бул мамлекеттик сыйлык 1995-жылы негизделген. Ал улуттар арасындагы достукту, тынчтыкты, ынтымакты бекемдөөгө салым кошкондорго ыйгарылат.

Буга чейин мындай орденди Пласидо Доминго, Алишер Усманов, Айтурган Темирова, Иосиф Кобзон баштаган коомдук, маданий ишмерлер алган.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyk-sher-niyazga-kazakstandyn-dostyk-ordeni-tapshyryldy



Добавить комментарий