Садык-Шер-Нияз президенттик шайлоого камдана баштады. Анын маалымат катчылары кимдер болду?

11 ноября 2020 12:01 1132 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садык-Шер-Нияз президенттик шайлоодо үгүт иштеринде элди туура жакка багыттап, идея жана программаларды жеткиликтүү чагылдырууда журналисттердин ролу чоң экенин айтты. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасындагы маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Эми эл журтка президенттике аттандым деп жарыя салгандан кийин ишти баштайлы. Эң биринчи элге идеяларды жеткизүү үчүн пресса керек экенин баарыбыз түшүнөбүз. Көптөгөн журналисттер чалып жардам берип, жанымда жүрөөрүн билдирип жатышат. Арасынан мага иши менен да сөзү менен да көңүлүмө жаккан эки азаматка токтодум. Ибраим Нуракун уулу дассыкан профессионал, акыркы жумушу - Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси, бир катар газеталарда баш редактор кызматын аркалаган.

Шайырбек Абдырахман уулу, ЭлТРди ЭлТР кылып, элге тааныткан, КТРКнын башчысынын орун басарлык кызматын аркалаган, кадимки “Добуш” программасы менен журтка таанылган эрктүү эрен. Экөө тең шайлоо боюнча мага пресс катчы боло турган болду. Эми баатырлар “учкашпа, учкашсаң түшө качпа” деп айтаар элем. Жараткан бизге жар болсун”, - деп жазды Садык-Шер-Нияз.

Эске салсак, ал 9-ноябрь күнү президенттик шайлоого бара тургандыгын жар салган. 

Ссылка: https://barometr.kg/sadyk-sher-niyaz-prezidenttik-shajloodo-ish-alyp-bara-turgan-maalymat-katchylary-menen-taanyshtyrdy



Добавить комментарий