Саддам Хуссейндин кызы 15 жыл көмүскөдө жүргөндөн кийин сенсациялуу маек берди

23 февраля 2021 12:32 3014 Barometr
Поделиться в:
ok

Ирактын лидери маркум Саддам Хуссейндин кызы Сауд Арабиясынын “Аль-Арабия” каналына эксклюзивдүү маек курду. Ирак лидеринин кызынын маеги сенсацияга айланды. Бул тууралуу NoonPost басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Рагад Саддам Хусейн 15 жыл бою көмүскөдө жүргөн, маалымат каражаттарынын көңүлүн бурбай, коомчулуктан оолак болгон.  Ошондуктан, анын күтүлбөгөн жерден пайда болушу активдүү талкууга айланып, Ирактын ичинде же сыртында, айрыкча коңшу Иранда бул кадамдын кесепеттери жөнүндө көптөгөн суроолорду жаратты.

Басылма Саддам Хуссейндин кызы эч качан саясий ишмер болбогонун, бирок, кээ бир учурларда сейрек кездешкен ар кандай маалымат булактарына чыгып, олуттуу саясий карама-каршылыктарга себепкер болгонун белгилейт.

Сауд Аравия каналына берген маегинде ал атасы, балалыгы, Хуссейн Камелге турмушка чыккандыгы жана анын каза болгон жагдайлары, Ирактын Кувейтке басып кириши жөнүндө бөлүшүп, акыры, өлкөдөгү жана Ирандагы учурдагы кырдаалга болгон мамилеси жөнүндө айтып берген.

Президенттин кызы атасынын башкаруу мезгилин жана өлүм жазасына тартылгандан кийинки мезгилди кандайча эстегенин айтып берди. Рагаддын айтымында, анын үй-бүлөсү атсынын өлүм жазасына тартылгандан кийин көптөгөн оор кырдаалды башынан өткөрүп, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Ирактын Саддам Хуссейндин  убагындагысын жана азыркы абалын салыштырып, ал мурда атасынын убагында  "эл кадыр-баркка ээ болгон жана аны эч ким таарынта алган эмес" деп, өлкө гүлдөп-өнүгүп, баары бирдей тынчтыкта жашаганын айтты.

"Адамдар балдарынын коопсуздугуна жана алардын келечегинин бар экенине ишенип жашашкан", - деп эскерди Рагад.

Андан кийин, алып баруучу Саддам Хуссейндин учурунда эркиндиктин жоктугун сураганда ал мындайча жооп берди: "Эркиндик деген эмне? Эгерде оккупация диктатураны жок кылуу жана демократияны түзүү ураанынын алдында ушуну алып келген болсо, анда ирактыктарга мындай эркиндиктин кереги жок".

Өлкөдөгү учурдагы кырдаал жөнүндө сөз болгондо, Саддам Хуссейндин кызы азыркы этаптагы эң маанилүү көйгөй катары Ирактын бөлүнүп-жарылышына тынчсыздануусун билдирди. Болуп жаткан окуялар үчүн ал Иранды күнөөлөдү.

 "Ирандыктар Иракты мыйзамдуу бийлик жок кезде басып алышты жана өлкө оңой олжого айланды. Эч кандай олуттуу каршылык жок, ошондуктан Ирандын кийлигишүүсү катуу масштабга ээ болду", - деди ал.

Саддам Хуссейндин башкалар менен болгон мамилесиндеги катаалдыгы тууралуу сөз болгондо анын кызы атасын мындайча эскерди: балдар аны менен кошо балык уулоого, сууда сүзүүгө жана ат минип келүүгө бирге чыгышчу, үйгө келгенде аларды өөп, кучактап, үйлөрүнө узатчу.

Ошондой эле, ал күйөөсүнүн өлтүрүлүшүн, бул трайбалисттик иш-аракет болгонун, күйөөсү анын көзүнчө өлтүрүлгөнүн айтып, муңканды.

Алып баруучу анын келечекте өлкөнүн саясий турмушуна катышуу ниети бар-жогун сурады.

"Баардыгы мүмкүн", - деп жооп берди Ирак лидеринин кызы.

Эске сала кетсек,  2006-жылы 30-декабрда 24 жыл (1979-2003) бийликте турган Ирактын 5-президенти Саддам Хусейн "адамзатка каршы кылмыш жасады" деген айып менен дарга асылган. Анын өлүмүнө өзүнүн адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушкан. Өлүм жазасын аткаруу процесси видеотасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Себеби, Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар пайда болгон.


Ссылка: https://barometr.kg/saddam-hussejndin-kyzy-15-zhyl-kmskd-zhrgndn-kijin-sensaciyaluu-maek-beret



Добавить комментарий