Сабыржан Абдикаримов - биография
Абдикаримов Сабыржан Токтосунович 1959-жылы 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кыркол айылында жарык дүйнөгө келген.
Билими:
1981 – Кыргыз мамлекеттик медицина институтунан санитар дарыгери адистигин аяктаган.
Иш тажрыйбасы:
1981-1987 — Республикалык санитардык-эпидемиологиялык станциянын санитардык дарыгери;
1987-1997 — Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгында дарыгер-инспектор, жетекчинин орун басары, жетекчи;
1997-2007 — Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;
2007- 2010 — Саламаттык сактоо министрлигине караштуу мамлекеттик башкы санитардык дарыгердин орун басары;
2010 — Убактылуу өкмөттө саламаттык сактоо министри;
2011-2012 — Саламаттык сактоо министрлигине караштуу мамлекеттик башкы санитардык дарыгердин орун басары;
2012-2013 — Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин башкы директору.
2013 – 2020 - Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси.
2020-жылы 1-апрелде Жогорку Кеңештин комитети Саламаттык сактоо министри кызматына талапкерлигин жактырган.
Башка маалыматтар:
"Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.
"Мамлекеттик кызматтын II класстагы кеңешчиси" чини бар.
Медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген ишмер.
Ссылка: https://barometr.kg/sabyrzhan-abdikarimov-biografiya
Добавить комментарий ×