Сабиржан Абдикаримов: 6 тез жардам унаасын талкалап, 2 унааны тоноп кетишти

8 октября 2020 12:48 645 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министри медкызматкерлерге кол салынгандыгы жана тез жардам кызматынын унаалары талкалангандыгы тууралуу тынчсызданып жатканын айтты. Бул чыр-чатакка саламаттык сактоо кызматкерлерин кошпоого чакырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

 “Башаламандык учурунда, тез жардам кызматынын 5 медициналык кызматкери жабыркады жана 6 унаасы талкаланды. Эки унааны тоноп кетишти. Биз унааларды кыйынчылык менен алып, жабдыктар менен камсыздаганбыз. Мындай башаламандыкта алар жарактан чыгып калып жатат. Бүгүн дагы 13 тез жардам унаасы келди. Аларды саламаттык сактоо мекемелерине бөлүштүрүп беребиз”, - деп билдирди КР Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

“Саламаттык сактоо министрлигинин негизги милдети  бардык багыттар боюнча токтоосуз медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо!”, -деп кошумчалады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/sabirzhan-abdikarimov-6-tez-zhardam-unaasyn-talkalap-2-unaany-tonop-ketishti



Добавить комментарий