Рыскелди Момбеков: "Кыштан чыгабызбы же ыштан чыгабызбы?"
Бүгүн, 6-декабрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында Рыскелди Момбеков шаардагы булганган аба тууралуу пикирин айтты.
"Бүгүнкү күндө Бишкекти кара түтүн каптап калды, аны караган адам жок. Бүтүн Бишкек эмес Түтүн Бишкек болуп калды. Азыр Бишкектиктерге "Безопасный город эмес, бездымный город керек болуп атат". Кыштан чыгабызбы же ыштан чыгабызбы деп ойлонуп калышты, жазга чейин коченный болуп калабызбы аны бир Кудай билет, мына ушуну караган эч ким жок. Азыр Бишкектиктер таза адамга эмес таза абага зар болуп отурат" -деди депутат Момбеков.
Депутат ага кошумча өз сөзүндө ТЭЦтеги авриянын кесепетинен камалгандар жана соттор тууралуу да пикирин айтып өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/ryskeldi-mombekov-kyshtan-chygabyzby-zhe-yshtan-chygabyzby
Добавить комментарий ×