Руслан Царев Дүйнө Кубогунда Кыргызстандын эсебине алгачкы коло медалды алып келди
Поделиться в:
Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубокто Руслан Царев Кыргызстандын куржунуна биринчи медалды алып келди.
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Кыргыз балбаны Руслан Царев коло байге үчүн беттеште 2019-жылы Дүйнө Чемпиондугунда коло байгеге ээ болгон болгариялык Айк Мнацаканянды 3:1 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.
Аталган мелдеште, Руслан Царев Кыргызстандын куржунуна алгачкылардан болуп медаль алып келген спортчу болуп калды.
Добавить комментарий ×