Румыниядагы көтөрүлүштөн 400дөй адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди

13 августа 2018 19:05 1077 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Румыниядагы көтөрүлүштөн 400дөй адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары билдирди. Маалыматта айтылгандай өкмөткө каршы чыккандарды жергиликтүү полиция көздү бууган  газ колдонуу менен токтотууга аракет кылышкан. Румыниянын президенти Клаус Йоганнис бул иш боюнча генералдык прокуратуранын иликтеп чыгуусун жана газ аткан полициялардын өздүгүн тактоону талап кылды. 

Эске салсак, мамлекеттин башкаруусуна нааразы болгон миңдеген Румындыктар Бухарестте ак үйдүн алдына чогулуп, "Кетсин" деген плакаттар менен өкмөттүн отставкага кетишин жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылып чыгышкан. Берилген маалыматтарга ылайык 40 миңге жакын элдер чогулган. Алар мамлекеттеги коррупция жана айлык маянанын аздыгынан чет жерлерде иштеп, өлкөдөгү салык саясатынын, пенсия реформасынын жана социалдык өнүгүү абалдарына нааразы экендигин билдиришти. 

 


Ссылка: https://barometr.kg/rumyniyadagy-ktrlshtn-400dj-adam-zharakat-alyp-oorukanaga-zhetkirildi



Добавить комментарий