Рулду башкара албай калган. Бишкекте 18 жаштагы айдоочу каза болду (видео)

5 ноября 2020 11:05 1031 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Шабдан Баатыр көчөсү менен бара жаткан “Мерседес-Бенц-Спринтер” кичи автобусунун айдоочусу рулду башкара алабай калып, электр мамысын сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя 5-ноябрь күнү таң эрте ТЭЦ жакта болгонун кабаралады.

“Алдын ала маалыматка ылайык, Шабдан Баатыр проспектисинде  “Мерседес-Бенц-Спринтер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып электр карагайын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2002-жылы туулган айдоочу каза болгон.  2001-жылы туулган бала жабыркаган. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызмакерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаран тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучусу тартылган”, - деп айтылат билдирүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/ruldu-bashkara-albaj-kalgan-bishkekte-18-zhashtagy-ajdoochu-kaza-boldu



Добавить комментарий