Бишкекте милициянын кызматкерлери өрттөнүп жаткан унааны өчүрүүгө жардам беришти
5-майда саат 11:00 чамаларында ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн №68 Кармоо тобунун башчысы, милициянын прапорщиги Б.Бейшеналиев, милиционер автоматчы А.Эсенов, милиционер айдоочусу К.Нурбаевдердин курамында, кызматка өтөп кайгуул уюштуруу учурунда, Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана А. Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде “Volkswagen” үлгүсүндөгү минивен автоунаасы өрттөнүп жаткандыгын байкап, аны токтосууздан өчүрүүгө аракеттенишип, чыккан өрттү жайылышын токтотушту. Бул тууралуу ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Унаа ээси, милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, андан соң Кайгуул милиция кызматы башкармалынын кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/rttnp-zhatkan-unaany-chrg-miliciyanyn-kyzmatkerleri-zhardam-berishti
Добавить комментарий ×