Өрт өчүрүүчүлөрдүн кызматы жана таланты (Видео)

15 июня 2020 14:20 878 Barometr
Поделиться в:
ok


Бүгүн, 15-июнь  Өрткө каршы кызматынын түзүлгөн күнү.

Мындан 94 жыл мурун, 1926-жылдын 15-июнь күнү Фрунзе шаарынын Кошчу көчөсүндө (азыркы Абдымомунов атындагы көчө) алгачкы өрт өчүрүү кызматынын тобу түзүлгөн. Бул топ 9 кишиден туруп, аларда кызмат үчүн 4 ат араба болуп, сууну кол менен иштетүүчү насостун жардамы аркылуу чачышкан. 1994-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №795-токтому менен 15-июнь жыл сайын Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин күнү болуп белгиленип келүүдө.

Өрт өчүрүүчүлөрдөн куралган ансамблдын өнөрү:


“1926-жылы Өрт өчүрүүчүлөр кошуму түзүлгөн. Ошол 94 жылдын ичинде кандай гана жумуштар аткарылбады. “Эл ичи – өнөр кенчи” дегендей, өзүнчө бир ансамбль түзгөнбүз. Анын негизги өзөгү, өрт өчүрүүчү шаймандардан куралган ансамбль”, - дейт КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Азиз Эгембердиев.

Ссылка: https://barometr.kg/rt-chrchlrdn-kyzmaty-zhana-talanty-video



Добавить комментарий