«РСК Банктын» кошумча капчыгынан колдонуңуз!
Эсебиңизде акча тартыш болуп, бирок акча мына азыр керепи? «РСК Банк» сизге “овердрафт” кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Бул ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү кардарлардын жеңилдетилген кредити, анда негизги сумманы жеңилдетилген мөөнөттө төлөө каралган. Кардар бул насыяны пайдалануу аркылуу, ай сайын болгону пайыздарды гана төлөөсү керек. Ал эми негизги сумманы каалаган убакта төлөсө болот. Анда кардар өзүнун салымдарына жараша толугу менен же бөлүктөргө бөлүп төлөй алат. Мөөнөтү туруктуу бекитилбейт жана банк менен кызматташуу мөөнөтүнө жараша болот.
Анын үстүнө, пайыздар бир гана колдонулган каражаттын суммасына карата эсептелет да, эсеп толукталган учурда жалпы суммага лимиттин толукталышы токтотулуп, кардар эч нерсе төлөбөй калат.
Овердрафт кадимки насыядан эмнеси менен айырмаланат?
Өзүнүн негизги карызын жабууга катуу көзөмөлдөнгөн график жок (кардар өзүнүн төлөмдөрүн өзү көзөмөлгө алат)
Насыя берип жатканда алуучу жана насыяны документтештирүүдө кошумча чыгашалар үчүн комиссия алынбайт.
Күрөө камсыздоосу талап кылынбайт.
Кыска аралыкта кароо.
Мобилдүүлүк - лимитке бардык көңүл ачуу борборлорунда жана тармакташып кеткен ири соода тармактарда жайгашкан банкомат аркылуу күнү-түнү кирүүгө мүмкүндүк бар.
Эң башкы артыкчылыктарынын бири - бул коопсуздук. Пластик картанын жардамы менен баардык соода оперцияларын накталай эмес формада ишке ашырууга болот. Уурдап алган учурда ууру аны колдоно албайт. Карта бир нече коргоо деңгээлине ээ, ал үчүн колдонуучу гана биле турган уникалдуу паролду киргизүү талап кылынат. Уурдоо фактысы болгон учурда Call-борборуна (65-03-85) кайрылып, аптанын кайсы күнү же суткада болбосун картаны блоктоп салууга болот.
«РСК Банк» ачык акционердик коому айлык акы долбоорунун алкагында карта насыясын берүүгө келишим түзгөн ишкана кызматкерлерине насыя продуктуларынын пакетин сунуштайт. Овердрафт факты жүзүндө алынган айлыктын үч жана беш өлчөмүндө сунушталат.
Овердрафтты жабуу кандай болот?
Карта насыясын жабуу карталык эсепке акча каражаты түшөрү менен автоматтык түрдө ишке ашырылат. Пайыздарды эсептөө карта насыясынын факты жүзүндө пайдаланылган суммасына колдонулган ар бир күнгө айдын акыркы күнүндө ишке ашырылат. Кошулган пайыздык карыздарды жабуу айына бир иреттен кем эмес жүргүзүлөт.
"Элкарт" төлөм картынын системасында маяна долбоорунун овердрафт тарифтери.
**Уюмдун кепилдиги менен - колдонулган суммага күнүнө 0,0767 %.
Уюму кепилдик бербеген учурда – колдонулган суммага күнүнө 0,095 %**
· Маяна-карта долбоорлорунун алкагында компаниянын Топ-менеджменти үчүн жакшыртылган шарт боюнча эксклюзивдүү сунуштар иштейт.
«РСК Банктын» овердрафтын кантип алууга болот?
Болгону билдирме толтуруп, паспорттун көчүрмөсүн жана ишкананын жетекчилиги тарабынан күбөлөндүрүлгөн акыркы үч айдагы айлык акы тууралуу маалымат катты сунуштасаңыз жетиштүү.
Тел.: 65 03 85, 65 37 34
Ссылка: https://barometr.kg/rsk-banktyn-koshumcha-kapchygynan-koldonuuz
Добавить комментарий ×