РСК Банк кардарларына алты жолдомо Түркияга, Дубайга жана Тайландга ойнотуп жатат

31 октября 2018 10:00 1528 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Түркияга, Дубайга, Тайландга - алты жолдомо утуп алсаңыз болот. "РСК Банк" өзүнүн "Юнистрим" системалык акча которуу кызматы менен колдонгон кардарлар арасында жолдомо ойнотуп жатат.

Бул акция биринчи жолу өтүп жаткан жок. Буга чейин 2017-жылы Балиге жолдомо ойнотулган. Ага кошумча банк жеңүүчүлөргө iPhone сыяктуу баалуу белектерди берген. Ал эми бул ирет банк бул акцияны кайра өткөрүүнү чечти. Албетте акцияда бүгүнкү күндө көп түрдүү баалуу белектер менен коштолмокчу.

Акция 3 этап менен өтөт. Ар бир этаптын жыйынтыгы боюнча эң көп акча которгон экиден жеңүүчү тандалат. Которуулардын суммасы 6 миң. RUB / 100 USD / 100 EUR, жана 4 миң RUB / 50 USD / 50 EUR которгондор  Туркияга, Дубайга жана Таиландга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Эске салуучу жагдай: Биринчи жана экинчи этаптар бүткөн. Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү Туркияга барып келишти. Алар өздөрүнүн таасирленүүлөрү менен бөлүшүп сүрөттөрүн жиберишкен.


Акциянын этаптары:

1- этап 9-апрелден 30-июнга чейин;


2-этап 1-июлдан 30-сентябрга чейин;


3-этап 1-октябрдан 31-декабрга чейин.


Катышуу шарттары эң жөнөкөй: болушунча көп акча жөнөтүү керек жана "Юнистрим" акча которуу кызматы менен колдонууга мүмкүнчүлүк алуу. 

Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-kardarlaryna-alty-zholdomo-trkiyaga-dubajga-zhana-tajlandga-ojnotup-zhatat



Добавить комментарий