“РСК Банк” Баткендин жапа чеккен тургундарына 2 миллион сомдон ашуун акча жөнөттү

17 мая 2021 11:58 2768 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

“РСК Банк” Баткен облусунун жабыркаган тургундарына жардам катары 2 284 721 сом жөнөттү. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"РСК Банк"  чек арада болгон жаңжал учурунда кыргыз жарандарынын  өлүмү жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгы белгиленди. 

Ушул оор күндөрү Банктын жетекчилиги жана кызматкерлери четте карап турбай, баткендиктерди колдоого салым кошуу чечими кабыл алган.

"Биздин мекендештерибиз талкаланган үй, имараттарды тез арада калыбына келтирүүгө жардам бере алат деп ишенебиз", - деди "РСК Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов.

Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-batkendin-zhapa-chekken-turgundaryna-2-million-somdon-ashuun-akcha-zhntt



Добавить комментарий