РСК Банк 30-сентябрга чейин жеңилдетилген, өтө төмөн баада насыя берүү акциясын жарыялады

2 августа 2018 20:50 2543 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

РСК Банк өтө төмөн баада ар кандай коммерциялык иштерди жүргүзүү үчүн өзүнүн кардарларына артыкчылык насыяларды ушул жылдын 30-сентябрына чейин берет. 

Учурда жүрүп жаткан акцияга байланыштуу ишкерлер өзүнүн бизнесин өнүктүрүү үчүн өтө төмөн пайыздагы, башкача айтканда 16-20% акчалай насыяны 24-36 айга чейинки мөөнөттө алса болот. 

"Элет" артыкчылык насыясы өлкөнүн бардык аймактарындагы РСК банктын филиалдарынан алууга болот, ошондой эле Бишкек жана Ошто жашаган калкты дагы камсыздайт. "Элет" насыясын берүүнүн максаты өлкөдөгү бардык аймактардагы элдин бизнес мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналат. 

Жоболор жана шарттары:

  • насыяны  бардык коммерциялык максатта алса болот
  • Алуучулар: жеке ишкерлер жана бардык юридикалык жактар 
  • Кыргыз сому менен берилет
  • Пайыздык өлчөм- жылына 15%дык акчанын суммасына жараша
  • Убактысы- 24 айга чейин, (2 жылга чейин)
  • Күрөөгө: насыянын 50%ын  жаба тургандай кыймылсыз мүлк, ОАО «Гарантийный фонд» кепилдик берүү кагазы
  • Аймактык бөлүмдөрдөгү ишкерлерге гана берилет

Ал эми "Ишкер" артыкчылык насыясы "Элет"тен айырмаланып, бардык аймактардагы, бардык ишкерлерге берилет.

Жоболору жана шарттары:

  • насыяны  бардык коммерциялык максатта алса болот
  • Кыргыз сому менен берилет
  • Пайыздык өлчөм- жылына 16%-20%га чейин, акчанын суммасына жараша
  • Убактысы- 36 айга чейин, (3 жылга чейин)
  • суммасы 100миңден 35 миллионго чейин
  • Күрөөгө: насыянын 50%ын  жаба тургандай кыймылсыз мүлк, ОАО «Гарантийный фонд» кепилдик берүү кагазы жок дегенде бардык сумманын 50%ын жаба тургандай болуу кажет
  • Күрөөгө коюлган мүлк камсыздандырылышы керек

Эки насыя тең ушул жылдын 30- сентябрына жеңилдетилген түрдө берилет. 

Толук маалымат алыш үчүн РСК Банктын бардык филиалдарына кайрылсаңыздар болот. 

Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-31-sentyabrga-chejin-zheildetilgen-t-tmn-baada-nasyya-ber-akciyasyn-zharyyalady



Добавить комментарий