Роза Акназарова: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар коомдо өз ордун табуусу керек

25 ноября 2021 10:42 Barometr
Поделиться в:
ok

Элдин жашоо-турмушун  жакшыртмайын, мамлекеттин алдыга жылуусу дагы маселе жаратат. Бул тууралуу “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Роза Акназарова маектешүү маалында билдирди.

- Роза Корчубековна, элдин социалдык көйгөйүн, жашоо-тиричилигин мыкты билесиз. “Азаттык” партиясынын программасында бул орчундуу маселелер камтылган экен. Депутат болсоңуз көтөрө турган көйгөйлөр кайсылар?

- Абдан жүйөөлүү суроо экен. Бул маселелер бүгүнкү күндө орчундуу.  Элдин жашоо-турмушун  жакшыртмайын, мамлекеттин алдыга жылуусу дагы маселе жаратат. Жеке программамда бул көйгөйлөр өзгөчө орунду ээлейт.  

Ал үчүн айыл чарбаны көтөрүү, жеке ишкерлерди колдоо, өзгөчө аялдар аракеттенип жаткан тармактарды өнүктүрүү, элдин аярлуу катмарларын иш менен камсыздоо, социалдык жетимчиликти жойуу, мигранттардын кайрылып келүүсүнө көмөктөшүү жана тиешелүү мамлекеттик кызматтар менен шарт түзүүгө жардам берүү.    Мындан тышкары жалпы эле жаштар менен иштеп, баштапкы профессионалдык билим  алуусуна шарт түзүп, иш менен камсыз кылуу.  Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү  билим берүү, коомдо өз ордун табуусу дагы орчундуу маселе.  Андыктан Кудай буйруп депутат болуп калсам, биринчилерден  болуп ушул  маселелерди колго алам деген ойдомун.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда. Роза Акназарова үчүн партиянын тизмесинде 16-номер менен добуш ыйгарсаңыз болот.  

Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 25.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

 

Ссылка: https://barometr.kg/roza-aknazarova-mmknchlg-chektelgen-adamdardyn-bilim-alyp-koomdo-z-ordun-tabuusu-orchunduu-masele



Добавить комментарий