Россиянын Соль-Илецк шаарынан келип Бишкекте обсервацияга алынгандар качууга аракет кылышты

10 мая 2020 10:49 2765 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Соль-Илецк шаарынан келип обсервацияга алынгандар, дарыгерлердин талаптарына көнбөй, ал жактан качууга аракет кылышты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, абал курчуп кеткендиктен милиция кызматкерлери чакырылып, алар абалды жайгаштырууга жардам беришти. Учурда абал толук көзөмөлдө.

“Жалпы талаптарга баш ийбей, обсервациянын шарттарын бузган учурлар катталууда. Тартипти жөнгө салуу үчүн милиция кызматкерлерине кайрылууга аргасыз болдук. Обсервация жайынан качууга аракет кылгандар болду”, — деди ал.

Үсөнбаев ошондой эле, мындай аракеттерге барып жаткандар оору канчалык коркунучтуу экенин, алар өз кадамдары менен жакындарына, тууган-туушкандарына оору жуктуруп ала турганын сезбей жатканына токтолду.

Ушул жылдын 7-майында Соль-Илецк шаарынан 541 жараны Казакстан тарабы түзүп берген бир жолку акциянын алкагында транзит коридордон өтүп, Кыргызстанга келишкен жана медициналык байкоого алынышкан. КР ТИМ жарандарыбыздын Соль-Илецк шаарынан алынып келиши РФ аймагындагы башка жарандарыбыздын россия-казакстан мамлекеттик чекарасы тарапка баруусуна түрткү болбошу керектигин буга чейин да маалымдаган.

10-майга карата Соль-Илецк шаарынан келгендердин 55инен коронавирус табылды.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyanyn-sol-ileck-shaarynan-kelip-bishkekte-observaciyaga-alyngandar-kachuuga-araket-kylyshty



Добавить комментарий