Россиянын Оренбург областындагы токойдон крокодил табылды
Оренбург областындагы токойдон өлүп калган крокодилди табышты.
“Аталган областын полициясы Павло-Антоновка айылынан анча алыс эмес жерден табылган крокодилдин сөөгүнө байланыштуу фактыны текшерип жатат”,-деп жазды ТАСС булагы.
ИИМдин аймактык башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Тоцкий районундагы Павло-Антоновка айылынын жанындагы токойдо жергиликтүү тургундар крокодил таап алышкан.
Анын кайдан келгени азырынча белгисиз, бирок полиция жакында айылга келип кеткен цирк менен крокодилди байланыштырууда. Анын афишасына крокодилди көрсөтөбүз деп жарыялашкан, бирок чындыгында аны көрсөтүшкөн эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyanyn-orenburg-oblastyndagy-tokojdon-krokodil-tabyldy
Добавить комментарий ×