Россияда кыргызстандык кишини мыкаачылык менен өлтүрүп, башына мүшөк кийгизип таштап кетишкен

23 декабря 2020 11:07 2031 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Приозерский районунан башына баштык кийгизилип, буту, колу байланган кыргызстандык кишинин сөөгүн табышты. Бул тууралуу Piter.TV билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

21-декабрда Ленинград облусунун Приозерский райондук милициясына телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн, окуя болгон жерден башына мүшөк кийгизилген жана буттары байланган адамдын жансыз денеси табылган. Адамдын сөөгү Железнодорожная көчөсүндөгү 24-үйдүн жер төлөсүнөн табылган.

Маалым болгондой, каза болгон адам мурда дайынсыз деп изделип жаткан 45 жаштагы кыргызстандык экени аныкталган. Ал орусияда кран айдап эмгектенип жүргөн.

Кийинчерек, кыргызстандык адамдын өлүмүнө себепкер делип 52 жаштагы орус улутундагы Александр Викторов аттуу адам кармалган. Ошондой эле, тергөөчүлөр ага карата "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгошту.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadan-bashyna-mshk-kijgizilip-butu-bajlangan-45-zhashtagy-kyrgyzstandyk-kishinin-sg-tabyldy



Добавить комментарий