Россиядан атайын техникалар алынып келинди. Чек ара кызматына тапшыруу аземине президент катышты

15 января 2019 15:58 990 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда мамлекеттик чек ара кызматына автомобиль техникасын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппараттын басма сөз кызматы билдирди. 

Жардам Кыргыз республикасынын өкмөтү менен Россия федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу процессинин алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууну ишке ашырууга ылайык берилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан чек ара коопсуздугу тармагында гана эмес, башка дагы кызматташтыктын маанилүү тармактарында берилип жаткан Россиянын жардамын жогору баалай турганын белгиледи.

«Биз Россия менен болгон стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыкты, колдоосун жогору баалайбыз. Мындан ары дагы ЕАЭБдин алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө Кыргызстан менен Россиянын келечеги үчүн салым кошууну улантабыз»— деп белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.

Иш-чарага Россия федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько жана РФ Транспорт министрлигинин «Росчегарасынын объектилерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча дирекциясынын» кеңешчиси Михаил Семенов катышты.

Өкмөттөр аралык Макулдашууга ылайык, Россия ЕАЭБдин чек арасынын кыргыз участогуна, анын ичинде өткөрүү пункттарынан сырткары жерлерди дагы техникалык жана инженердик жабдуу боюнча жумуштарга 48,58 АКШ долларын бөлүп берүүдө.

Россия тарап 125 даана автомобиль жана атайын техниканы алып келди, анын ичинде адамдарды жана жүктөрдү ташуучу өтүмдүүлүгү жогору автомобилдер, сүйрөгүч автомобилдер, экскаватор-жүктөөчүлөр, автокрандар, санитардык унаалар, атайын багыттагы унаалар, бургулоочу жабдыктар бар. Мамлекеттик контракттын суммасы 3 млн АКШ долларды түзөт. Макулдашуунун алкагында техникалык жана инженердик жабдуу 93%га өздөштүрүлдү.

Мындан тышкары, колдонууга чек ара бөлүктөрү үчүн 11 имараттардын жана жабдыктардын комплекси киргизилип жатат, алардын көп бөлүгү 2018-жылы жана 2019-жылдын январь айында ишке киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadan-atajyn-tehnikalar-alynyp-kelindi-chek-ara-kyzmatyna-tapshyruu-azemine-prezident-katyshty



Добавить комментарий