Россиядан 35 жаштагы Кыргызстандык таксистти өлтүрүп кетишти

26 октября 2020 17:27 1600 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 26-октябрда Санкт-Петербурда Кыргызстандык таксисттин өлүмүнө шектелген аял менен эркек киши кармалды.  Бул тууралуу “Мегаполистин” жергиликтүү күч органдарына таянып жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Окуяны, күбөлөр көрүп калып, Красногвардейский районунун полициясына ошол түнү кабарлашкан. Алардын айтымында, ресторандын жанындагы унаа токтоочу жайда бир адам такситти жыгач менен сабап жаткан. Андан кийин ал такси компаниясынын логотиби бар Hyundai унаасынын багажын ачып, токмок жеген баланы багажга салып коюп,  рулга отуруп, Заневский проспектиси менен айдаган. Жанында бир аял бар экени маалымдалган.

Полиция кызматкерлери тез арада автоунааны издеп, анын жүргөн жерин аныктап, куугунтуктоого алган. Издөө иштеринин натыйжасында, 31 жаштагы эркек киши унааны айдап бара жатканда кармалган. Анын жанында 35 жаштагы аял киши болгон.

Милиция багажды ачканда, уурдалып, сабалган адамды табышкан. Ал каза болуп калган. Анын жанында айдоочулук күбөлүгү болгон. Каза болгон жаран 35 жаштагы Кыргызстандык таксист экени маалым болду.

Шектүүлөр тергөө амалдары үчүн РИИБге жеткирилген. Таксисттин өлүмүнө алардын катыштыгы бар экени аныкталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadan-35-zhashtagy-kyrgyzstandyk-taksistti-ltrp-ketti



Добавить комментарий