Россиядагы мекендештерге “Адашкан адам” психологиялык драмасын тартуулашат
Июнь айынын экинчи декадасынан тарта Жалал-Абад облусундагы Барпы атындагы кыргыз драма театры, кыргызстандыктар көп жашаган Россиянын шаарларын атайын маданий программа менен кыдыруусун баштайт.Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Алардын максаты алыстагы мекендештерибизге руханий азык тартуулоону көздөйт.
Бул маданий сапар КР Президентинин 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” катары жарыялаган иштердин алкагында болмокчу.
Мындай мыкты демилгени Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Жалал-Абад шаардык мэриясы, КР Россиядагы элчилиги жана кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү колдоп жатышат. Жалал-абаддык маданият өкүлдөрү Россияда эмгектенген мекендештерибизге арнап, КР Эл жазуучусу Мар Байжиевдин “Адашкан адам” аттуу психологиялык драмасын тартуулашат.
Жалал-абаддык артисттердин Россиянын шаарларын кыдыруу графиги төмөнкүчө:
12-июнда Новосибирск шаарындагы Чкалов маданият үйү,
13-июнда Новокузнецк шаарындагы чыгармачыл үйлөрдүн бирикмеси,
14-июнда Томск шаарындагы “Авангард” маданият үйү,
16-июнда Красноярск шаарындагы СБК маданият үйү,
19-июнда Иркутск шаарындагы “Орбита” маданият үйү,
22-июнда Хакасия Республикасынын Абакан шаарындагы республикалык маданият үйү,
23-июнда Тыва Республикасынын Кызыл шаарындагы Тыва элдик театры,
26-июнда Горно-Алтайск шаарындагы “Голубой Алтай” театры,
29-июнда Екатеринбург шаарындагы Лаврова маданият үйү,
30-июнда Тюмень шаарындагы “Торфяник” маданият үйү,
1-июлда Пермь шаарында болот.
Бардык шаарларда спектакль саат 19.00дө башталат. Спектаклден соң чоң программадагы концерт тартууланат.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadagy-mekendeshterge-adashkan-adam-psihologiyalyk-dramasyn-tartuulashat
Добавить комментарий ×