Россиядагы "Лукойл" мунай компаниясынын вице-президенти терезеден кулап каза болду

1 сентября 2022 16:07 1404 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиядагы "Лукойл" мунай компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Равиль Маганов терезеден боюун таштап каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, Маганов Москвадагы борбордук клиникалык оорукананын терезесинен кулап каза болгон. 

Компаниянын 67 жаштагы топ-менеджери борбордук клиникалык оорукананын 6-кабаттагы бөлүмдө дарыланып жаткан.

Mash телеграм каналынын маалыматы боюнча, Маганов жүрөк оорусунан улам терапия бөлүмүндө жаткан. 

Кошумчалай кетсек, ал мурда депрессияга кабылып жүргөнү кабарланган.

Өз жанын кыюу окуянын версияларынын бири катары каралууда. 

Жеринде милиция кызматкерлери менен Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү иштеп жатканын, алар оорукананын кызматкерлери менен бейтаптар менен нөөмөт бөлүмүн сурамжылоо жүргүзүп жатканын маалым болгон.

Равиль Маганов 1993-жылдан бери "Лукойл" компаниясынын директорлор кеңешинде иштеп келген. 2006-жылдан бери ал компаниянын биринчи аткаруучу вице-президенти болуп иштеген жана геологиялык чалгындоо жана өндүрүү бөлүмүн көзөмөлдөгөн, ал эми 2020-жылы директорлор кеңешин жетектеген. Маганов "Лукойл" компаниясынын аталышынын автору.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadagy-lukojl-munaj-kompaniyasynyn-direktorlor-keeshinin-tragasy-oorukananyn-terezeden-kulap-kaza-boldu



Добавить комментарий