Россияда саясий кризис башталдыбы? Орус өкмөтү отставкага кетти
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолуккандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кете турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Медведев өз сөзүндө Путин Федералдык жыйындын мүчөлөрүнө болгон кайрылуусунда Конституцияга "фундаменталдык" өзгөрүүлөр кириши керектигин, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин балансы бир кыйла өзгөрө турганын белгилегинен айтты.
"Бул контекстен алып караганда биз өкмөт катары президентке бул үчүн бардык керектүү болгон чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк беришибиз керек. Мындай шартта Конституциянын 117-беренесине ылайык, өкмөт азыркы курамы менен толук бойдон отставкага кеткени туура деген пикирдемин", — деди Медведев.
Путин жооп иретинде өкмөттүн мүчөлөрүнө алардын иши үчүн ыраазычылык билдирип, "баардыгы ишке апшай калганына карабастан" анын жыйынтыктарна канааттанаарын айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-sayasij-krizis-bashtaldyby-orus-kmt-otstavkaga-ketti
Добавить комментарий ×