Россияда окуу жылынын башталышын 1-октябрга жылдыруу сунушталууда

25 августа 2020 15:48 1992 Barometr
Поделиться в:
ok

Россияда окуу жылынын башталышын октябрга жылдыруу сунушталууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине шилтеме берип “Барометр” которду.

Госдуманын депутаты Василий Власов 1-октябрга окуу жылынын башталышын жылдырууга Билим берүү министирлигине сунуштады. Бул демилгени көтөрүп чыгышынын себебин Россияда күнүнө беш миңден ашуун адамга коронавирус илдетинин жугушу менен түшүндүрдү.


Депутат мектептер вирустун таркалыш очогуна айланып калбас үчүн дагы бир ай керектигин айтат.

Анан да ата-энелердин жана балдардын коронавируска карата тест тапшырууга кенен убакыты болорун белгилеп өттү.

Эске сала кетсек, 24-августта Билим берүү министири Александр Молотков эгер ата-энелер өздөрү макул босо окуу жылы аралыктан окуу менен башталарын айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-okuu-zhylynyn-bashtalyshyn-1-oktyabrga-zhyldyruu-sunushtaluuda



Добавить комментарий