Россияда миграциялык картаны 15-сентябрга чейин жаңылатпай эле иштөөгө болот
2020-жылдын 15-сентябрына чейин Россия Федерациясындагы миграциялык каттоонун мөөнөтү токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.
2020-жылдын 15-июнунда Россия Федерациясынын Президенти В. В. Путин 2020-жылдын 18-апрелиндеги №274 “Жаңы коронавирустун андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуунун убактылуу чаралары жөнүндөгү” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2020-жылдын 15-июнундагы №392 Жарлыгына кол койгон.
Бул Жарлык (№392) 2020-жылдын 16-июнунда күчүнө кирди.
Жарлыкка ылайык 2020-жылдын 15-сентябрына чейин төмөнкү документтердин мөөнөтү токтотулуп турат: визалар, убактылуу жашоого уруксат (РВП), Россия Федерациясында жашап турууга уруксат (ВНЖ), колдонуу мөөнөтү жөнүндө белгилери бар миграциялык карта; качкындардын күбөлүктөрү, Россия Федерациясында качкын макамын алуу жөнүндө арызды карап чыккандыгы жөнүндөгү күбөлүк, Россия Федерациясындагы убактылуу башпаанек жөнүндөгү күбөлүк, Мамлекеттик программанын катышуучусунун сертификаттары.
Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн документтердин биринин 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейинки убакыттын аралыгында жарактуу мөөнөтү бүтсө, документ автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин жарактуу болот.
Бул категориядагы Кыргыз Республикасынын жарандары, башка чет өлкөлүк жарандар сыяктуу эле, жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мөөнөтүн узартуу үчүн Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылуунун кереги жок.
Ошондой эле, чет өлкөлүк жарандарына карата Россия Федерациясында убактылуу туруу, Россия Федерациясында убактылуу же туруктуу жашоо, миграциялык каттоого туруу, мекендештерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн көчүрүп келүү программасынын катышуучуларынын (убактылуу жашап турууга уруксаты же Россияда жашап турууга уруксаты бар жарандар) Россия Федерациясынын чегинен тышкары жерде жүргөн убактысынын (эгер алар Россия Федерациясынын аймагына 6-айлык мөөнөттүн ичинде кире алышпаса), Россия Федерациясынын аймагынан административдик түрдө чыгаруу, депортация же реадмиссия жөнүндө чечим кабыл алынган чет өлкөлүк жарандардын Россиядан ыктыярдуу чыгып кетүү мөөнөттөрү 2020-жылдын 15-сентябрына чейин узартылды.
Иштөөгө уруксатынын, патентинин, чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга жана пайдаланууга уруксатынын мөөнөтү токтотулбайт.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-migraciyalyk-kartany-15-sentyabrga-chejin-zhaylatpaj-ele-ishtg-bolot
Добавить комментарий ×