Россиядан Кыргызстанга кетүүгө жардам берем деген алдамчылыкка шектүүлөр кармалды (Сүрөт)

4 августа 2020 17:49 2487 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиядан Кыргызстанга кетүүгө жардам берем деген алдамчылыкка шектүү кишилер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Жарандарды мекенине чартердик авиа каттамдар аркылуу жөнөтүү тизмесине кошуу боюнча алдамчылык иш-аракеттер болууда.

КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинин алдында жарандардын укукка каршы иш-аракеттери боюнча арыздары менен кайрылууларын кароо үчүн атайын комиссия түзүлдү.

“Аталган комиссияны жетектөө милдети КРнын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлү, милициянын полковниги Н. Жанбаевге жүктөлүп, курамына КРнын элчилигинин коопсуздук маселелери боюнча кызматкерлери, КР ИИМдин жана КР өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.

Жогорулардын негизинде түзүлгөн коррупцияга каршы жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен жалпы 8 алдамчылык факты аныкталды.

2020-жылдын 28-июль күнү КР ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун тургуну 1994-жылы туулган А. Д. арыз менен кайрылган. Анын кайрылуусунда 17-июль күнү КРнын Москва шаарындагы Консулдук бөлүмүнө Кыргызстанга кайтып кетүү үчүн чартердик каттамдарга тизмеге кирүү үчүн арыз менен кайрылганы келген. Кезекте турган жаран А. Д. ал жерден тизмеге туруу үчүн арыз жазуучу бланктарын келген элдерге таркатып жаткан бала менен таанышып калып, ал элчилик тарабынан уюштурулуп жаткан чартердик каттам менен учуу үчүн кезексиз тизмеге киргизүүгө жардам беремин деп чектелген сый акысын алган бойдон изин жашырып качып кеткен.

Бул факты Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Якиманка райондук полиция бөлүмүнө катталды.

КР ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгү Якиманка райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жогоруда катталган арыз боюнча алдын ала жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, шектүүнүн өздүгү такталып, ал Чүй облусунун тургуну 1990-жылы туулган К. М. болуп чыккан. Азыркы учурда Якиманка райондук Ички иштер бөлүмү бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле, 2020-жылдын 28-июль күнү КР ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнө Ош облусунун жашоочулары 1998-жылы туулган Н.Г. менен 1986-жылы тулган А.С. кайрылышкан.

Жабырлануучулар өздөрүнүн кайрылуусунда, бир кыз “WhatsApp” аркылуу өзүн элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырып, чектелген сый акы үчүн мекенине учууга жардам беремин деп сунуштаганын билдиришкен.

Анын алдамчылык аракетинин натыйжасында жогорудагы жарандарга 60 миң рублга жакын чыгым келтирилген. Аталган фактылар күтүсүүздөн Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча бөлүмүнө коштолуп барган жана катталган.

Бул фактылар Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Котловка райондук полиция бөлүмүнө катталып, процессуалдык текшерүүнүн жыйынтыгы менен РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн “Алдамчылык” фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Бул алдамчылык фактылар боюнча Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүмүнүн полиция кызматкерлери жана КР ИИМдин РФдеги өкүлчүлүктүн кызматкерлери менен биргеликте, алдын ала жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облуснун Аксы районунун 1997-жылы туулган С.А. аттуу жашоочусу кармалып, азыркы учурда РФдин мыйзамдарына ылайык, анын баш коргоо чарасы чечилүүдө.

КРнын ИИМнин Россия Федерациясындагы ИИМнин өкүлчүлүгү тарабынан мекендештерди Москва шаарынан Кыргызстанга чартердик авиа каттамдар менен учуруу боюнча коррупциялык иш аракеттердин алдын алуу жана ар кандай тоскоолдуктарды болтурбоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча кошумча маалымат иретинде билдирүүлөр берилип турат.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-mekenge-ketkenge-zhardam-berem-degen-aldamchylar-karmaldy-srt



Добавить комментарий