Россияда Кыргызстандын жаранынын буту-колу электр зымы менен байланган жансыз денеси табылды

18 мая 2019 12:33 3335 Barometr
Поделиться в:
ok

Адамдын жансыз денеси Россиянын Ленинградск областындагы Мурино Всеволожск районундагы курулуш иштери жүрүп жаткан жерден табылган. Бул туурасында россиялык «Фонтанка» сайты жазды.

16-майда Муринодогу Шувалов көчөсүндөгү «Урбанист» комплексинин курулуш иштери жүрүп жаткан учурда экскаваторчу жерди казып жатып эркек кишинин жансыз денесин көргөн. Ал ич кийимине чейин чечиндирилип, буту электр зымы менен байланган.

Ал жерге милиция кызматы чакырылган жана жансыз адамдын өздүгү такталган. Иштин жыйынтыгында «Мегаполис» компаниясынын жумушчусу, 28 жаштагы Кыргызстандын тургуну Талантбек Акматов болуп чыкты. Жанында футболка, кара тери куртка, ботинка, көк жинсы, «Самсунг» үлгүсүндөгү телефону болгон.

Петербургда Октябрьской набережной квартирага катталган мигранттын баш сөөгү сынганы аныкталып, “Өлтүрүү” беренси боюнча кылмыш иши козголду.

"Mash на Мойке" телеграм-каналы полицияда шектүү бар экенин, болжолдуу версиялар боюнча эркектер ресторандардын биринин жаныда уруша кеткени, Талантбек өлгөнчө сабалганын маалымдады.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-kyrgyzstandyn-zharanyn-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий