Россияда коронавирустан биринчи киши каза болду

19 марта 2020 15:33 2616 Barometr
Поделиться в:
ok

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин коронавирус менен оорукана жаткан бейтаптын каза болгонун айтты. Бул Россияда коронавирустан каза болгондордун алгачкысы.

Мэрдин айтымында, 79 жаштагы кемпир каза болгон. Ал коронавирус жуктуруп алгандан сырткары кант диабети, кан басымы менен дагы ооруган. Бул өз кезегинде пневманияны күчөтүп жиберген.

Кемпирдин тууган-туушкандары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынып, тыкыр текшерүүдө.

Маалыматка ылайык, кемпир 13-мартта ооруканага жаткырылган. Акыркы маалыматтар боюнча Россияда коронавирус жуккан 147 учур катталды. Алардын басымдуу бөлүгү Москвада.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-koronavirustan-birinchi-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий