Россияда эки ит 11 жаштагы кызды моюун орогуч менен муунтуп өлтүрүп койду

23 марта 2021 09:43 4534 Barometr
Поделиться в:
ok

Россияда эки ит 11 жаштагы кызды моюун орогуч менен муунтуп өлтүрүп койду. Бул тууралуу НТВ телеканалына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Телеканал маалымдалгандай, окуя 21-март күнү эртең менен Москва облусунда болгон. Кыз иттери менен үйдүн короосуна сейилдөөгө чыккан. Кыздын ата-энеси ал учурда үйдө болушкан.

Саат 11:00 чамасында коңшулары короодон кыздын эс-учун билбей жатканын  көрүп ата-энесине кабарлашкан. Алар дароо тез жардам чакырышкан. Бирок, дарыгерлер келген учурда кыз каза болуп калганын кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, кыздын денсинин жанынан тытылган моюун орогучту табышкан. Тергөөчүлөр "иттер ойноп жатып моюун орогучту эки жагынан тартып муунтушкан" деген бүтүмгө келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-eki-it-11-zhashtagy-kyzdy-moyuun-oroguch-menen-muuntup-ltrp-kojdu



Добавить комментарий