Россияда болгон жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза тапты
Поделиться в:
Россиянын Тула областында болгон жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу маалыматты Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Жол кырсыгы 23-сентябрда эртең менен Веневский районундагы «Каспий» Р-22 трассасында болгон.
Кыргызстандын эки жараны-1986-жылы туулган эркек киши жана 1987-жылы туулган аял каза тапты.
Кырсыктан жалпы 4 адам көз жумду.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана каза тапкандардын жакындары менен байланышта болуп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-bolgon-zhol-kyrsygynan-eki-kyrgyzstandyk-kaza-tapty
Добавить комментарий ×