Россияда бүгүнтөн баштап “ээси жок” сим карталар блокко түшөт
Россияда бүгүнтөн баштап “ээси жок” сим карталар блокко түшөт.
Роскомнадзордун чечими боюнча эми Россиядагы “ээси жок” симкарталарды операторлор блокко түшүрө баштайт. Анткени “Байланыш тууралуу” мыйзамдагы өзгөртүү толуктоолор бүгүнтөн баштап күчүнө кирет. Роскомнадзордун өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, көпчүлүк телефондогу көз боемочулук, кылмыштуулук дал ушул “ээси жок” симкарталардын негизинен келип чыгат. Буга чейин мыйзамсыз сатылып жаткан сим карталарды сатууга тыю салынган менен ананимдүү карталар жоголуп кеткен эмес. Ушуга байланыштуу эми “ээси жок” сим карталар байланышка чыга албай калат. Ал эми каттосуз жүргөн симка ээлери тезинен түйүндүк байланышка каттоого туруу, сунушталып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-bgntn-bashtap-eesi-zhok-sim-kartalar-blokko-tsht
Добавить комментарий ×