Россияда Баткендик айдоочу катышкан жол кырсыгынын видеосу чыкты

15 января 2019 10:09 1051 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Россиянын Владивосток районунда №38-маршруттук унаа менен Crowm үлгүсүндөгү авто унаанын кагылышкандагы видеосу Владивостоктогу видеокамералардын бирине түшүп калган. Бул тууралуу VL.RU басылмасы жазып чыкты. Кырсык 11-январь күнү болгон.

Маалыматка ылайык жеңил унаанын айдоочусу өзүн начар сезип кетип маршруттук унаага барып урулган. Жыйынтыгында маршруттук унаа сол жака кулап түшүп жалпысынан 16 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын бардыгы ооруканага жеткирилген.

Маршруттук унаанын айдоочусу Кыргызстандын Баткен облусунун тургуну экендиги маалым болгон. Баарынан да айдоочунун абалы оор экендиги айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-batkendik-ajdoochu-katyshkan-zhol-kyrsygynyn-videosu-chykty



Добавить комментарий