Россияда акула балыкчыларга кол салды (видео)

24 августа 2020 10:50 496 Barometr
Поделиться в:
ok

Чоң акула сууда жүргөн балыкчылардын кайыгына сүзүп келип кол салган. Бул тууралуу Вести Приморье агенттиги жарыялаган маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Окуя 22- август күнү Орус аралынын Вятлина көлүндө болгон. Балыкчылардын айтымында жырткычтын узундугу 2,5 метрге чейин жетет. Акула кайыкты айланып бир топко чейин турган. Балыкчылардын кармаган балыгын көздөп келген сыяктуу. Күбөлөр болгон окуяны видеого түшүрүп алышкан.

«Карагыла, элдер! Жада калса кайыктын кыймылдаткычын да даамдап көргүсү бар», -деди балыкчылардын бири.

Бир убакта кылтака илинген балыкка кол салган. Жыйынтыгында кайырмактагы балыкты жеп алып кайрадан сууга чумкуп жок болгон.

Буга чейин да соц тармактарда кайыкта жүргөн жаштарга сүзүп келген акуланын видоесу да кызыгуу жарткан.



Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-akula-balykchylarga-kol-saldy-video



Добавить комментарий