Россияда 92 жаштагы абышка менен 81 жаштагы кемпир баш кошкон
Россиянын Омск шаарында 91 жаштагы абышка менен 81 жаштагы кемпир үйлөнгөнүн РИА Новости агенттиги жазды.
Ага ылайык, 92 жаштагы абышка үйлөнүү үлпөтүнөн көп өтпөй эле 2020-жылдын январында каза болуп калган.
Омск шаарындагы жарандык абалдын актыларын каттоонун (ЗАГС) берген маалыматы боюнча 2019-жылы үйлөнгөн эң улуу жубайлардын сап башында 92 жаштагы абышка менен 81 жаштагы кемпир болгон.
Жалпысынан алганда Омск шаарында 75 жаштан жогорку куракта болгон 38 киши менен 13 аял үйлөнгөн. Булардын арасында аялынан 37 жаш улуу болгон бир эркек менен, күйөөсүнөн 23 жашка улуу болгон бир аял жарандык абалдын актысын каттаткан.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-92-zhashtaga-abyshka-menen-81-zhashtagy-kempir-bash-koshkon
Добавить комментарий ×