Россияда 49 жаштагы кыргызстандык аял сойкулук кылып кармалды
Бөлүшүү:
Россиянын Санкт-Петербург шаарынын түндүгүндө интимдик тейлөө көрсөткөн притонду табышты. Россиянын маалымат булактары кабарлагандай, эки кыргызстандык аял сойкулук менен алектенишкен.
Бордель Художников көчөсү 10/1 дарегинде жайгашкан. Выборгский райондук полициясынын 36-бөлүмүнүн кызматкерлери аталган жайды жабышты.
Полиция бөлүмүнө Кыргызстандын эки жараны жеткирилди. Алардын бири 34 жашта, экинчиси 49 жашта экени аныкталды.Учурда аларга карата кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-49-zhashtagy-kyrgyzstandyk-ayal-sojkuluk-kylyp-karmaldy
Добавить комментарий ×