Россияда 42 миң жыл мурда жашаган кулундун жүрөгүнөн суюк кан табылды

18 апреля 2019 16:48 5623 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Түндүк-чыгыш федералдык университетинин окумуштуулары 42 миң жыл мурда жашап өткөн кулундун журөгүнөн суюк кан табышты. Бул тууралуу ТАСС кабарлады. 

Кулундун сөөгү Якутиядан өткөн жылы жайында табылган. Изилдөө көрсөткөндөй жаныбар ага болжол менен эки апта болгондо өлгөн. Ал сазга тыгылып калып андан соң тоңуп калган. Мындан улам жаныбардын сөөгү жакшы сакталган

Университеттин кызматкерлери кулунду бир аз мурда союп көрүшкөн. Анын ички органдарынын баары бүтүн, ал эми эти кызыл бойдон сакталып калган.

Эң эле таң калыштуусу анын жүрөгүнөн суюк кан табылганында  болду. Эми адистер Кореянын окумуштуулары менен бирге кулундун клеткаларын өстүрүп чыгышмакчы.Бул эбак өлгөн кулунду клондогонго жол ачат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-42-mi-zhyl-murda-zhashagan-kulundun-zhrgnn-suyuk-kan-tabyldy



Добавить комментарий