Кыргызстанга жардам иретинде 40 өрт өчүрүүчү унааны тапшырууга Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри келди

1 марта 2023 09:02 886 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри келди. Бул тууралуу ӨКМнын мпплыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга  иш сапары менен келди.

“Келген конокторду "Манас" эл аралык аба майданынан Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган топ тосуп алышты”, -деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, бүгүн Россия Федерациясынан жардам иретинде келген 40 өрт өчүрүүчү унаа расмий түрдө КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылат.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-kyrgyzstanga-zhardam-iretinde-40-rt-chrch-unaa-berdi



Добавить комментарий