Россия коронавируска каршы вакцинанын үлгүлөрүн Өзбекстанга берди
COVID-19га каршы Россиянын “Спутник V” вакцинасынын үлгүлөрү Өзбекстанга берилди. Бул тууралуу “Известия” агенттиги жазып чыккан маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, “Спутник V” вакцинасын Өзбекстандан да өндүрүү паландалууда.
«Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров COVID-19 илдетине каршы “Спутник V” вакцинасынын үлгүлөрүн Өзбекстандын борборуна өзү жеткирди. Баалуу жүктү Өзбекстан Республикасынын Санитардык-эпидемиологиялык саламаттыкты сактоо кызматынын башчысынын биринчи орун басары Холмамат Норбоев кабыл алды », - деп айтылат билдирүүдө.
Бүгүнкү күндө Беларуссияда, Венесуэлада, Бириккен Араб Эмирликтеринде, Индияда вакцинанын клиникалык сыноолору жүрүп жатат, ошондой эле, Бразилия, Аргентина жана башка өлкөлөрдүн көзөмөл органдары менен иш алып баруулар жүрүп жатат.
"Спутник V" вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрүнө катышкан чет элдик ыктыярчылардын жалпы саны 5 миң адамдан ашат.
Мындан тышкары, орусиялык вакцинаны тезирээк каттоодон өткөрүү жана кайра даярдоо боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) баш болгон ири эл аралык уюмдар жана мекемелер менен, ошондой эле, Европалык Медициналык Агентство (ЕМА) менен дары-дармектин ЕС аймагында жүгүртүлүшүнө уруксат алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны 11-августта каттатканын жарыялаган. “Спутник V” вакцинасын Гамалея борборунун адистери иштеп чыгышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-koronaviruska-karshy-vakcinanyn-lglrn-zbekstanga-berdi
Добавить комментарий ×