“Росинбанктагы” Улуттук банктын үлүшү 95 пайызга чейин болот
“Росинбанк” атайын адистештирилген банк болот, анын негизги багыты инфраструктура, байланыш жана турак-жай курулуш жаатында болмокчу. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтымында, бул үчүн «Росинбанк» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 3 миллиард сомго чейин жогорулайт. Мындай чечим Улуттук банктын башкаруусу тарабынан мекеменин финасылык-кредиттик ишмердигин жандандырууга багытталып кабыл алынды.
Капитализация болгондон кийин «Росинбанк» ААКындагы Улуттук банктын үлүшү 95 пайызга чейин болот.
“Аталган банк тарабынан 1 миллиард сом аймактарга ипотекалык насыя берүүгө багытталат”,-деп айтты Абдыгулов.
Ссылка: https://barometr.kg/rosinbanktagy-uluttuk-banktyn-lsh-95-pajyzga-chejin-bolot
Добавить комментарий ×