Роналдунун апасы инсульт болду деген шек менен ооруканага жаткырылды
Бөлүшүү:
“Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун апасы Мария Долореш инсульт алды деген шек менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.
Ага ылайык, 65 жаштагы Долореш Мадейра шаарындагы ооруканага 3-мартка караган түнү жаткырылган. Эми ал бир нече тест тапшырып, чындап эле инсульт болуп, болбогону ырасталышы керек.
Долореш 2007-жылы эмчек рагынан айыкканы айтылган, бирок 2019-жылы ооруга кайтадан кабылган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/ronaldunun-apasy-insult-boldu-degen-shek-menen-oorukanaga-zhatkyryldy
Добавить комментарий ×