Роналду Португалия чемпионатына кайтып келүүгө даяр

14 мая 2021 14:01 537 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

"Ювентус" футболдук клубунун футболчусу Криштиану Роналду Лиссабондун Спортинг клубуна кайтууга жакындап калды. Бул тууралуу дүйнөлүк футбол федерациясына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Роналду Ювентусту таштап кетиши толук мүмкүн. Футболчу өзү алгач Реалга кайтып келүүнү каалаган. Бирок, испан клубу андай болбой тургандыгын ачык айткан. Маалыматка ылайык, португалиялык чабуулчуга"Спортингден" сунуш келген. Роналду Лиссабон клубуна кайтып келүү үчүн "Ювентуста" алган 30 миллион евро маянасынын көпчүлүгүнөн баш тартууга да даяр.

Спортинг ушул сезондо Португалиянын чемпиондугун жеңген.Эми ал Чемпиондор Лигасында ойноого укуктуу. Ал эми "Ювентус" кийинки сезондо Европанын негизги клубдук мелдешине катышпай калышы мүмкүн. Турин клубу А сериясындагы Чемпиондор Лигасынын аймагына кире элек. Ошондой эле, Суперлига түзүү үчүн УЕФА Ювентуска карата дисциплинардык иш козгогон.

 “Спортингдин улуттук биринчиликтеги жеңишинин урматына арналган кечеде Роналдунун апасы уулун кийинки сезондо Лиссабон клубуна кайтарып алуу үчүн бардыгын жасайм деп убада кылды. 36 жаштагы футболист Португалияга кайтып келүүгө камданып, Лиссабондо жети миллион евродон ашык турган пентхаус сатып алды”,- деп айтылат маалыматта.

Роналду 12 жашынан бери Спортингде болчу. Клубда 2003-жылга чейин тагыраагы Англиянын Манчестер Юнайтед клубуна өткөнгө чейин ойногон.

Ссылка: https://barometr.kg/ronaldu-portugaliya-chempionatyna-kajtyp-kelg-dayar



Добавить комментарий