Роналду менен Мессини басып өттү. Хорватиялык футболчу Лука алгачкы жолу "Алтын топ" сыйлыгын алды

4 декабря 2018 09:03 1356 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Хорватиялык футболчу Лука Модрич алгачкы жолу "Алтын топ" сыйлыгын алды. Он жылдан бери эч кимге бербей келе жаткан Криштиану Роналдо менен Лионель Мессини артка калтырды десек болот. 

Аталган сыйлыкты жыл сайын Европанын France Football ассоциациясы тапшырып келет.

Сыйлык тапшыруу аземи 3-декабрда Париж шаарында болуп өттү. Модрич 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунда өлкө курамасын финалга чейин жеткирип, "Мыкты оюнчу" деп табылган.
180ден ашык өлкөнүн журналисттеринин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Лука Модрич 759 упай топтоду. Экинчи орунду 476 балл менен португалиялык Криштиану Роналду ээледи. Ал эми франциялык Антуан Гризманн 414 упай менен үчүнчү орунду алды-деп жазылат чет элдик маалыматтарда. 

Хорватиялык футболчу Лука Модрич Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу экендиги белгилүү. 

Ссылка: https://barometr.kg/ronaldu-menen-messini-basyp-tt-horvatiyalyk-futbolchu-luka-algachky-zholu-altyn-top-syjlygyn-aldy



Добавить комментарий