Роналду менен Месси беттешет: Роналду Чемпиондор Лигасынын беттештеринде бир жолу гана Мессини жеңген
Кече, 1-октябрда Женева шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык этабына чүчү кулак ойнотулду. G тайпасына Ювентус (Италия), Барселона (Испания), Динамо (Киев, Украина) жана Ференцварош (Венгрия) кирди. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ошентип, футбол сүйүүчүлөрү азыркы учурдун эң мыкты эки оюнчусу Криштиану Роналду менен каталониялыктардын капитаны Лионель Мессинин тирешүүсүн күтөт. Бул эки спортчу бир канча жылдыр бою мыкты футболчу наамына ат салышып келишет. Көптөн күткөн эки команданын беттешүүсү спорт сүйүүчүлөр үчүн да, жана футболчулардын өздөрү үчүн да маанилүү оюун болот.
УЕФА бул учурду белгилеп, өзүнүн Instagram баракчасына эки футболчунун беттеш алдында кол алышып жаткан сүрөтүн чыгарды.
“Роналду менен Месси: кайрадан беттеш! Кимиси жеңет?”, - деген билдирүү калтырылган.
Быйыл Чемпиондор лигасынын тайпалык беттештери 20-октябрда башталат.
Мурунку жылы аталган мелдешти Германиянын “Бавария” клубу жеңип алган. Финалда мюнхендик команда Франциянын “ПСЖ” клубун 1:0 эсебинде уткан.
Бул чабуулчулар Европанын негизги клубдук мелдешинде бардыгы болуп беш жолу беттеш өткөрүшкөн:
23-апрель, 2008-жыл - Барселона - Манчестер Юнайтед - 0: 0.
29-апрель, 2008-жыл - Манчестер Юнайтед - Барселона - 1: 0.
27-май, 2009-жыл - Барселона - Манчестер Юнайтед - 2: 0.
27.04.2011 Реал Мадрид - Барселона - 0: 2.
3-май, 2011-жыл - Барселона - Реал Мадрид - 1: 1.
Месси менен Роналду 2018-жылы жайында Реал Мадридден кеткенден кийин, бири-бири менен оюн талаасында жолугушкан эмес.
Добавить комментарий ×