Роналду Инстаграмда 300 миллион окурманы бар биринчи адам болду
Футболчу Криштиану Роналду Инстаграмда 300 миллион окурманы бар биринчи адам болду. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Криштиану Роналду актёр Дуэйн Скала Джонсон менен ырчы Ариана Грандениден мурун 300 миллион катталуучу топтой алды. Аргентиналык Барселонанын оюнчусу Лионель Месси инстаграмдагы 218 миллион окурманы менен рейтингде сегизинчи орунду ээледи.
Ошондой эле алдыңкы ондукка модель Кайли Дженнер (241 миллион), ырчы Селена Гомес (238 миллион), ишкер айым Ким Кардашян (229 миллион), ырчы Бейонсе (186 миллион), ырчы Джастин Бибер (178 миллион) жана модель Кендалл Дженнер ( 170 миллион) кирди.
Криштиану Роналду 2018-жылдын октябрь айында биринчи жолу Инстаграмдагы эң популярдуу колдонуучулардын тизмесине кирген. 2021-жылдын январь айында Криштианунун жазылуучуларынын саны 250 миллионго жеткен.
Ушул жылдын февраль айында Роналду дүйнөдө биринчилерден болуп социалдык тармактарда 500 миллион абонент топтогон. Андан кийин ал Инстаграм, Фейсбук, Твиттерде жарым миллиард катталуучу топтогон.
Июнь айында Forbes Криштиану карьерасында 1 миллиард доллар тапкан үчүнчү спортчу жана биринчи футболчу деп атаган. Калган экөө баскетболчу Майкл Джордан жана гольф оюнчусу Тайгер Вудс.
Ссылка: https://barometr.kg/ronaldu-instagramda-300-million-okurmany-bar-birinchi-adam-boldu
Добавить комментарий ×