РФ Тышкы иштер министри менен КР жарандарынын укуктук абалы жөнүндө сүйлөшүүлөр болду
Поделиться в:
2018-жылдын 26-июлунда кыргыз тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул туурасында бүгүн тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар жогорку жана эӊ жогорку деӊгээлдеги өз ара сапарлардын графигин, ошондой эле кыргыз-россия эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуусу болду.
Тышкы саясат мекемелеринин башчылары Россия Федерациясынын аймагында жашап жүргөн КР жарандарынын укуктук абалы жөнүндөгү маселени дагы талкуулашты.
Добавить комментарий ×