Бишкекте төкмө акындардын айтыш сынагы өтөт. Байге фонду бир миллион сом

17 июня 2021 15:04 2712 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бишкекте 20-июнь күнү республикалык айтыш болот. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондуна шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Республикалык айтыш сынагы аталган коомдук фонддун 20 жылдыгына жана залкар акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналып уюштурулуп жатат.

Айтыштын тандоо туру 19-июнда Манас кинотеатрында10:00дө башталат. 

Ал эми, айтыш эртеси күнү 20-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 18:00дө өтөт.

Маалыматка ылайык, байге фонду бир миллион сом.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 28-мартында "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган айтышта баш байгени Идрис Айитбаев жеңип алган.

Ссылка: https://barometr.kg/respublikalyk-ajtysh-synagy-tt-bajge-fondu-bir-million-som



Добавить комментарий