Жардам штабы тараткан азык-түлүк баштыгына эмнелер салынат. Тизме.

25 апреля 2020 14:12 1817 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Республика боюнча 304 649 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жардам-штабы билдирди.

Азык-түлүктүн тизмесине ун, кумшекер, чай, өсүмдүк майы, макарон, күрүч дан азыктары (крупа) кирген пакеттерди муктаж болгон үй-бүлөлөргө ыктыярчылар жеткирип беришүүдө.

Штабдын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жардамды – 63 880 үй-бүлө, Чүй облусунда – 57 440, Ош облусунда – 89 269, Жалал-Абад облусунда – 39 053, Баткен облусунда – 12 580, Ысык-Көл облусунда – 22 615, Нарын облусунда – 10 329 жана Талас облусунда – 9 483 уй-бүлө алды.

Андан сырткары жардамды бир катар коомдук уюмдар менен катардагы жарандар дагы таратууда.

Ссылка: https://barometr.kg/respublika-boyuncha-304-649-j-blg-gumanitardyk-zhardam-krstld



Добавить комментарий