ЖРТга катталууга жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт
Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-майда аяктап, каттоодон 41 727 абитуриент өттү. Бул тууралуу брифинг учурунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров билдирди.
Ар кандай себептер менен каттоодон өтпөй калгандар үчүн 20-июнда, 23-июнда жана 10-июлда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Кечки каттоо атайын уюштурулган тест тапшыруу борборлорунда өтөт.
ЖРТ үч этапта өтөт:
I этап – 21-22-июнь
II этап – 24-25-июнь
III этап – 11-12-июль.
Ошондой эле, Республика боюнча 116 тест тапшыра турган борбор даярдалууда. Мында бардык санитардык талаптар сакталып, медпункт, медкызматкерлердин күзөтү уюштурулат.
Жогорку окуу жайларга тапшыруу ЖРТнын жыйынтыгы менен онлайн форматта бирдиктүү система аркылуу жүрөт. ЖОЖго кабыл алуу үч тур менен ишке ашырылат:
I тур – 20-25-июль
II тур – 27-30-июль
III тур – 3-7-август.
Ссылка: https://barometr.kg/respublika-boyuncha-116-test-tapshyra-turgan-borbor-dayardaluuda
Добавить комментарий ×