Рэпер Тимати Бишкекке учуп келди, бүгүн шаардыктарга акысыз бургер таратат
Рэпер Тимати бүгүн эртең менен Бишкекке Black Star Burgerдин ачылышына учуп келди. Бул тууралуу Black Star Burgerдин инстаграмдагы аккаунтунда жарыяланды.
Ырчы бүгүн саат 18:00дө "Азия Молл" соода борборунун аянтында баардык каалоочуларга бургер бере турганын убада кылды.
"Бишкек❗BlackStarBurger расмий ачылыш бүгүн болот! Баардык каалоочуларды "Азия Молл" соода борборунун аянтына саат 6га чакырабыз. Бүткүл шаарды акысыз бургер менен тойгузабыхз. Өзүңдүн шаарыңдагы эң башкы фут-окуяны эстен чыгарба!”,деп жазылат баракчада.
Black Star Burger компаниясы 2016-жылы негизделген жана ишкер Юрий Левитас менен Тиматинин биргелешкен долбоору болуп саналат. Тиматинин бургер ресторандары Москва, Грозный, Уфа, Вронеж сыяктуу бир катар шаарларда ийгиликтүү иштеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/reper-timati-bishkekke-uchup-keldi-bgn-shaarydktarga-akysyz-burger-taratat
Добавить комментарий ×